Жалал-Абад: жемкорлордон атайын эсепке жарым миллион сом түштү

Атайын эсепке буга чейин 39 миллион сом которулган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн ачылган атайын эсепке Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы тарабынан алгачкы ирет жарым миллион сомдон ашуун акча түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББден маалымдашты.

Атайын эсепке УКМК да каражат которду
Билдирмеге караганда, атайын эсепке 533 100 сом которулду.

Аталган каражат Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) 4-бөлүмүнүн 2-пункту (кызмат абалын пайдалануу менен) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча козголгон экономикалык кылмыш ишинин негизинде өндүрүлгөн.

Эске салсак, буга чейин коррупциядан түшкөн каражаттар топтолчу атайын эсеп ачылган. Анын негизинде эсепке 39 миллион сом түшкөн.