КР тайбоксчулары студенттердин дүйнө чемпионатынан олжолуу кайтты. Сүрөт

Мелдешке курама командадан үч спортчу катышып, экөө байгеге ээ болду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл.— Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчулар студенттер арасында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш жана коло байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко билдирди.

1 / 2
Кыргызстандык тайбоксчулар студенттер арасында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш жана коло байгеге ээ болду
2 / 2
Дүйнө чемпионаты (FISU) 21-июлда Таиланддын Паттайя шаарында башталган, мелдеш 30-июлда жыйынтыкталмакчы.

Дүйнө чемпионаты (FISU) 21-июлда Таиланддын Паттайя шаарында башталган, мелдеш 30-июлда жыйынтыкталмакчы.

Биринчиликке курама командадан үч спортчу катышып, экөө байгеге ээ болду.

Рингде 67 килограмм салмакта күч сынашкан Бекжан Матысаев күмүш, ал эми 60 килограмм ченде мелдешкен Арген Керимбеков коло байге алды.

Ошондой эле дагы бир спортчу Уларбек Бакытов бешинчи орунду ээледи.