Марс планетасына кандай үйлөр салынышы мүмкүндүгүн көрсөттү

Конкурс 2017-жылы жарыяланып, ага дүйнө жүзү боюнча 18 команда катышкан.
Sputnik

NASA уюму Марс планетасына астронавттар үчүн салына турчу үй үчүн жарыяланган конкурска келген эмгектердин эң мыктыларын аныктады.

NASA Айда адамдардын "кыштагы" пайда болорун айтты
Биринчи орунду Арканзастан келген команда ээледи. Алардын планы боюнча робот турак-жай салуу үчүн керектүү бардык материалдарды Марстын өзүнөн табат. Кийин үйдү 3D принтерден басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү болот. Мындай ыкма салына турчу үйдүн аянтын чоңойтууну жана ага көп кишинин батышын камсыздайт.

Эң мыкты беш долбоор 100 миң доллар өлчөмүндөгү байге фондун бөлүп алышты. Алардын эмгеги NASA уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Конкурс 2017-жылы жарыяланып, ага дүйнө жүзү боюнча 18 команда катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, эң мыкты долбоорлор Марсты багынтууга салым кошушу мүмкүн.