БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кытайдын Чэнду шаарында тейлөөчү адамдары жок, роботтор кызмат кылган мейманкана ачылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал жерге келген конокторду робот жүзүн таануу системасын колдонуу менен тосуп алат. Ошол жерден каттоого алып, өз бөлмөсүнө узатат.
Мындан сырткары, тамак же таксиге буюртма алып, кийимдерин жууп берет. Ошондой эле атайын уюлдук тиркемеге уланган иштерди аткарат. Кандайдыр бир олутту көйгөй жаралса байланыш системасы аркылуу адамдарды чакырат.
2018-жылдын аягына чейин ушул сыяктуу дагы 50 мейманкана куруу пландалууда.