БИШКЕК, 30-июл.— Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер ММА боюнча Азия чемпионатында үч алтын жана бир коло медаль тагынды. Бул туурасында КРдин ММА жана панкратион федерациясынан кабарлашты.
ММАдин WMMAA (Аралаш мушташтын дүйнөлүк бирикмеси — ред.) версиясы боюнча Азия чемпионаты 28-29 июль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында өттү.
Мелдешке курама командадан төрт спортчу катышып, үчөө чемпион болсо, бирөө коло медаль алды.
Шакирмамат уулу Эдилбек (84 кг) — алтын;
Бакберген Усенов (65,8 кг) — алтын;
Чыңгыз Бегматов (61 кг) — алтын;
Таабалды уулу Акжол (77 кг) — коло;
Аталган федерациянын президенти Улукбек Өмүрзаков буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына маек берген.