Радио

Чочунбаева: кол өнөрчүлүк боюнча жети облуска жети түрдүү наам бериш керек

"Оймо" фестивалынын башкы директору Динара Чочунбаева өлкөнү кол өнөрчүлүк аркылуу дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгү чоң экенин айтты.
Sputnik
Чочунбаева: кол өнөрчүлүк боюнча жети облуска жети түрдүү наам бериш керек

Кол өнөрчүлүк боюнча жети облуска мамлекеттик деңгээлде жети түрдүү наам бериш керек. Тиешелүү сунуш эки жылдан бери өкмөткө жиберилип келет. Бул тууралуу Динара Чочунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда сувенирлер мыкты жасалса, Нарын шырдактары, Баткен килеми менен дүйнө элинин кызыгуусун жаратып келет.

"Нукура кыргыз буюмдарын жасоо эл арасында бир топ жанданып калды. Бирок мамлекеттен да колдоо болсо жакшы болот эле. Мисалы дүйнө эли Баткенди килемдин мекени десе, Нарынды шырдактары менен тааныйт. Өлкөдө туризм тармагы да өнүгүп, экономикага салым кошулмак. Ошондой эле ата-бабадан келе жаткан кыргыздын тиричилик буюмдары унутулбай, экологиялык таза продукциялар өндүрүлмөк. Азыр мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан кол өнөрчүлүк боюнча алдыда келе жатат. Биз бул багытты дагы да өркүндөтүшүбүз зарыл", — деди Чочунбаева.

Ал кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө Талас жергеси жакшы көңүл бурбай жатканын кошумчалады.