Жекшемби күнү Чүй облусунда эки адам сууга чөгүп кетти

ӨКМдин маалыматына караганда быйыл суудан каза тапкандардын саны 70тен ашты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жекшемби, 29-июль күнү, Чүй облусунда бир, Бишкек шаарында бир адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
Борбор калаанын Свердлов районундагы "Комсомол" көлмөсүнө чөккөн 18 жаштагы баланын сөөгүн ӨКМ куткаруучулары саат 15.02де суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми 20.55те Беловодск — Темен-Суу унаа жолун бойлой өткөн сууга чөккөн 32 жаштагы аялдын сөөгү табылды.

Баса, сууга чөгүп жаткан адамды жөн гана чабак уруп ойноп жаткан адамдан кантип айырмаласа болорун ӨКМдин куткаруучулары айтып беришкен.