Чүй менен Манас проспектилери автоунаалардын өтүүсү үчүн даяр болду

Оңдоо иштери "Бишкек шаарындагы автоунаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Борбор калаадагы Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп ачылды
2 / 3
Аталган аймакка 11 күндүн ичинде жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлду
3 / 3
Оңдоо иштери "Бишкек шаарындагы автоунаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ачылды
Ага ылайык, аталган аймакка 11 күндүн ичинде жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлду. Оңдоо иштери "Бишкек шаарындагы автоунаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Андан сырткары, Манас проспектисинин Токтогулдан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгына да жаңы асфальт төшөлүп, жолдун четиндеги бордюрлар алмаштырылды. Учурда жол чийиндери чийилүүдө.

Ошондой эле Үсөнбаев көчөсү дагы автоунаа үчүн ачылды. Анын Жибек Жолунан Чоң Чүй каналына чейинки бир чакырымдык аралыгына жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулган.