Жай башынан бери Баткенде 20 авиабомба табылды. Сүрөт

Эки ай ичинде саперлор 40 миң чарчы метр аянтты иликтеп чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жай башталгандан бери 1950-жылдары өткөн авиациялык окуулардан кийин калган 20дан ашуун авиабомба табылганын Генералдык штаб билдирди.

1 / 3
Кыргызстанда жай башталгандан бери 1950-жылдары өткөн авиациялык окуулардан кийин калган 20дан ашуун авиабомба табылганын Генералдык штаб билдирди
2 / 3
Снаряддардын баары Баткен облусунан табылган. Иликтөө иштери Ак-Турпак айыл аймагында (Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдары) жүрдү
3 / 3
Эки айдын ичинде саперлор 40 миң чарчы метрди текшерип чыгышкан. Натыйжада 20дан ашуун ФАБ-100 түрүндөгү авиабомба табылган.

Снаряддардын баары Баткен облусунан табылган. Иликтөө иштери Ак-Турпак айыл аймагында (Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жаш-Тилек айылдары) жүрдү. Эки айдын ичинде саперлор 40 миң чарчы метрди текшерип чыгышкан. Натыйжада 20дан ашуун ФАБ-100 түрүндөгү авиабомба табылган.

Генералдык штаб бомбаларды издөө жана зыянсыздандыруу катуу ысыкта жүрүп жатканын белгиледи. Иштерди октябрдын соңу менен жыйынтыктоо пландалууда.