БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Баткен районуна караштуу Орто-Боз айылынан 29-июль күнү кечки саат 21.30дар чамасында тестиер бала табылды. Милиция анын ата-энесин издеп жатканын Баткен ОИИБден маалымдашты.
Подросток, найденный в селе Орто-Боз Баткенской области
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Укук коргоо органдары баланын жакындарын табуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт.
"Бала өзү жалгыз айыл аралап жүргөн. Ал дудук болгондуктан милиция кызматкерлери аты-жөнүн, жаш курагын, жашаган жерин тактай албай жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Бала 10-12 жаш чамасында, бою 135-140 сантиметр, чачы кыска, кара түстүү жол-жолу бар футболка, боз түстөгү спорттук шым жана тапичке кийип жүрөт.
Бала тууралуу маалыматы барлар 03622 51756, 0776 001505, 0777 071515, 0550 880164 телефон номерлери аркылуу кайрылса болот.