БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы учурда Белоруссияда жашап жаткан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду экстрадициялоо боюнча иштерди уланта берет. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан маалымдашты.
Билдирмеге караганда, 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Белоруссиянын Башкы прокуратурасына аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издеп таап кармоо үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бирок 2018-жылдын 6-мартында Белоруссия тарап укуктук жардам жана жарандык мамилелер боюнча КМШ өлкөлөрүнүн Конвенциясынын 21-беренесине таянып Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн четке каккан.
"Мындай жоопко карабастан 2018-жылдын март айында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Данияр Үсөновду Кыргызстанга өткөрүп берүү сурамын жөнөткөн", — деп айтылат маалыматта.
Жакынкы күндөрү бир катар ЖМКлар Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен коомдук иш-чараларга Белоруссиянын бийлик өкүлдөрү менен биргеликте катышып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Данияр Үсөнов Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. 2010-жылы эл бийликке нааразы болуп чыккан акциядан кийин Үсөнов да качып кеткен.
Кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.
Белоруссияда экс-президент Курманбек Бакиевдин дагы жашап жүргөнү белгилүү.