Апта ирмеми: секс-куурчактан "кандуу" айга чейин

Sputnik

Токмокто экстремалдык спорттун түрү боюнча борбор азиялык Gradus Cup кубогу өттү.

Лаостун Аттапа провинциясындагы ГЭСте авария болуп, суу курулуп жаткан плотинаны жырып кеткен. Алты айыл суу алдында калып, бери дегенде 28 киши каза болуп, 131 киши дайынсыз болууда.

КМШ өлкөлөрүнүн эң сулуу бийкечи тандалды. Сынактагы сүрөттөр
АКШнын Колифорния аймагындагы ири өрттөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланып, 12 миңдей жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Москвадагы Кызыл аянтта Россия ӨКМдин жогорку окуу жайынын курсанттары менен кадеттеринин бүтүрүү салтанаты өттү.

Бишкекте "Оймо-2018" фестивалынын алкагында "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун уздары "Элечек" флешмобун өткөрүп, 100 кишиге бир учурда элечек ороду.

Таиландда падыша Маха Вачиралонгкорндун туулган күнү белгиленди.

Лондондогу олимпиадалык стадиондо жеңил атлетчилердин жыл сайын болуучу Sainsbury's Anniversary Games оюндары өттү.

Жумадан ишембиге караган түнү ай тутулду. Ал дүйнөнүн бардык жеринен көрүндү.

1 / 18
Россиялык мушкер Федор Чудинов Дүйнөлүк мушкерлер суперсериясынын финалында франциялык Наджиб Мохаммеди менен беттешти
2 / 18
Кытайдын Чжуншань аймагындагы фабрикалардын биринде секс-куурчакты чогулткан кызматкер
3 / 18
Токмокто 21-22-июлда экстремалдык спортун борбор азиялык Gradus Cup кубогу өттү
4 / 18
Лаостогу ГЭСтин плотинасын суу алып кетип, айылдарды каптады. Матрацтын үстүнө чыгып алган кыз.
5 / 18
Калифорния жана Орегон штаттарында чыккан ири өрттөн эки киши каза болду. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, 12 миңдей киши коопсуз аймакка көчүрүлдү
6 / 18
Москвадагы Кызыл аянтта Россия ӨКМдин жогорку окуу жайынын курсанттары менен кадеттеринин бүтүрүү салтанаты болду
7 / 18
Гибралтар кысыгынан үйлөтмө кайыктар менен сүзүп келген мыйзамсыз мигранттар Испаниядагы пляждардын бирине келип, укук коргоо органдарынын колуна түшүп калбоо үчүн жандалбастап чуркап баратат
8 / 18
Тянь-Шань тоолорундагы жылдыздуу түн. Алматы шаарынан алыс эмес жерде тартылган сүрөт.
9 / 18
Бишкекти "Оймо-2018" фестивалы өтүп, 100 аялга бир учурда элечек оролду
10 / 18
Таиланддын падышасы Маха Вачиралнгкорндун туулган күнү белгиленди. Чоң сарайдын жанындагы аскерлер.
11 / 18
Кыз-келиндер арасындагы кол топ боюнча VIII дүйнө чемпионатынан көрүнүш. Россия менен Таиланддын командалырынын беттеши
12 / 18
Сууга секирүү боюнча жыл сайын уюштурулуучу мелдешке катышкан спортчу. Косово.
13 / 18
Улуу Британиядагы Хайлэнд паркында 25 жылдын ичинде биринчи жолу туулган ак аюу көлмөдө ойноп жатат
14 / 18
Лондондогу олимпиадалык стадиондо жеңил атлетчилердин жыл сайын болуучу Sainsbury's Anniversary Games оюндары өттү
15 / 18
Тилсиз жоонун кучагында калган Грециянын Мати аймагы. Өрттөн 87 киши каза болгону айтылууда
16 / 18
Жумадан ишембиге караган түнү ай тутулуп, ал 3 саат 56 мүнөткө чейин созулду
17 / 18
Индиянын Сринагара шаары суу алдында калды. Сүрөттө эки аял кичинекей баланы үйдөн чыгарып жатат
18 / 18
Колумбиянын Медельин шаарында өткөн мода жумалыгынан бир көрүнүш