Радио

Ибраев: жол кырсыгына кабылган адамды ары-бери жылдыра берүү туура эмес

Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучусу Атай Ибраев кырсыкка учураган адамга алгачкы жардам көрсөтүү өтө маанилүү экенин айтты.
Sputnik
Ибраев: жол кырсыгына кабылган адамды ары-бери жылдыра берүү туура эмес

Унаалардын кагышуусунан жабыркаган адамды ары-бери жылдыра берүү туура эмес. Бул тууралуу Атай Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучуну ордунан жылдырганда куткаруучу туура эмес аракеттерди жасап алышы мүмкүн.

"Жол кырсыгы – кырсык түрлөрүнүн ичинен татаалына кирет. Бул жерде коопсуздук өтө маанилүу. Эгер жардам берүүгө мүмкүн болсо анын ичиндеги адамдын өмүрүн сактап калууга аракет жасаш керек. Бирок жабырлануучуларды ары-бери жылдыра берүү туура эмес. Эгер унаасы түтөп, күйүп кетүү алдында турса гана көтөрүп кетүүгө болот. Башка учурларда дароо Тез жардам чакырып, адамды дарыгерлердин колуна тапшырууга аракет жасаш керек", — деди машыктыруучу.

Ал мындай учурда жабырлануучу сүйлөй алса кайсы жери ооруп жатканын сурап, билип алыш керектигин кошумчалады.