Япониядагы тайфун жүз миңдеген элди жарыксыз калтырды

Метео кызматынын маалыматы боюнча алдыда дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрден 34 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Япониянын батыш тарабындагы тайфундан улам он миңдеген эл электр жарыгысыз калды. Бул туурасында РИА Новости жергилктүү төрт ЖМКга таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, деңиздин толкуну бир мейманкананын дубалын уратып кетсе, башка жактарда имараттардын терезелери талкаланган.

Японияда табият кырсыгынан каза болгондордун саны 216 кишиге жетти
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн кесепетинен ички каттамдагы 160 самолет учпай, поезддер каттамын токтоткон. Миэ аймагында 78,3 миң, Аитиде 40,8 миң, Сидзуокада 17 миң үй жарыксыз калды.

Метео кызматынын маалыматы боюнча алдыда дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрден 34 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.

Ал эми жергилктүү бийлик тургундарга жер көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Июль айынын орто ченинде ушул эле аймакта жер көчкү менен селден улам 219 адам набыт болуп, 11 киши дайынсыз жоголгон.