Радио

Шайхидинов: Кыргызстанда сумо күрөшү менен такай машыккан 10 гана спортчу бар

Сумо күрөш ассоциациясынын башкы катчысы Адил Шайхидинов Кыргызстанда сумо күрөшүнө кызыккандардын саны өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Шайхидинов: Кыргызстанда сумо күрөшү менен такай машыккан 10 гана спортчу бар

Кыргызстанда сумо күрөшү менен такай машыгып келген 10 гана спортчу бар. Бул тууралуу Адил Шайхидинов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир жылда сумо күрөшү боюнча 10го жакын мелдеш өтөт.

"Соңку турнир боюнча айтсам, ага 200дөй өспүрүм катышты. Ал эми күрөштүн ушул түрү менен такай машыккан 10дой гана спортчу бар. Жалаң гана сумо менен машыгуу үчүн бизде азырынча шарт жок. Ошондуктан сумочулар башка дагы күрөштүн түрлөрү менен машыгып келет. Бирок Кыргызстанда сумочулардын саны акырындап өсүп жатканы кубандырат", — деди башкы катчы.

Шайхидинов сумо күрөшү ДКОдо да көрсөтүлө турганын кошумчалады.