БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 20 жаштагы швейцариялык миллиардер Эммануэль Фреденрич кыздар менен олуттуу мамиле түзүүгө бел байлап, соцтармак аркылуу колукту издеп жатат. Бул туурасында New York Post жазып чыкты.
Таанышуу сайттары жана тиркемелерден көңүлү калган Эммануэль өз алдынча аракет жасоону чечкен. 20 жаштагы жигит социалдык баракчасына жайгаштырган кулактандырууда кимди жана эмне үчүн издеп жатканын жазган.
Ал Манхэттен районунда жашаган 18ден 22 жашка чейинки чырайлуу кыздарды издеп жатканын айтат. Ошондой эле кыялындагы бийкечти ЖМК же жарнама тармагында иштеген, өзүн тыкан алып жүргөн, спорт менен машыккан жана саякаттоону жактырган болушу керек деп сүрөттөйт.
Акыр аягында ага жылаңач сүрөтүн жөнөтүүгө макул болгон сары чачтуу ак жумал кыз керектигин айтып тамашалаган.