"КМШ сулуусу — 2018" сулуулук сынагынын финалдык бөлүгү кандай өткөнүн сүрөттөр топтомунан көрүңүздөр.
Катышуучулар казак элинин каада-салттары менен таанышып, Астананын кооз жерлерин кыдырышкан.
Сынакта 19 селки ат салышты. Кыргызстандын атынан Сусанна Егорян аттуу бийкеч катышты. Жыйынтыгында ал "Көрүүчүлөрдү суктанткан сулуу" титулуна ээ болду. Белгилей кетсек, былтыр World Next Top Model 2017 сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан барган Сусанна Егорян финалда Армениянын намысын коргоп элди чуу кылган болчу.