Голливудда Трамптын жылдызын коргогон "россиялык аскерлер" видеого түшүп калды

Голливуддун Даңк аллеясындагы Трамптын жылдызын коргогон Совет жоокерлеринин кийимин кийип, колуна Россиянын желегин кармаган эки кишинин видеосу YouTube каналына жарыяланды.
Sputnik

Буга чейин 25-июлда вандалдар Даңк аллеясындагы Трамптын жылдызын талкалап кетишкен. Бул жылдыз азыркы президентке 2007-жылы "Окуучу" шоусуна тартылганы үчүн коюлган болчу.

"Жоокерлер" Трамптын жылдызы оңдолуп, куюлган цемент катыганга чейин кайтарып турушкан.