Чүйдө чөп ташып бараткан унаа өрттөнүп кетти. Жеринен алынган сүрөттөр

Сгорело грузовое авто с сеном в селе Ивановка
Күбөнүн айтымында, жабырлануучулар жок.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. – Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ивановка айылында чөп ташып бараткан унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. 

Окуя бүгүн, 29-июлда саат 20.00дөр чамасында болгон. Күбөнүн айтымында, жабырлануучулар жок. 

“Жерине өрт өчүрүүчү унаа келди”, — деди агенттиктин маектеши. 

ӨКМ маалымат такталып жатканын билдирди.