Кийими жок эркектин айкели алматылыктарды убайымга салды

Скульптура кимге тиешелүү экени кийин белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жүк ташыган унаа жүктөп  бара жаткан жылаңач эркектин скульптурасы бир топ алматылыктарды уу-дуу кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

 

Ал эми башка колдонуучулар бул АКШ президенти Дональд Трамптын скульптурасы болушу мүмкүн деген божомолдорун жазып чыгышты.

Кийин такталгандай, бул айкел мурда шаардагы кытай ресторандарынын биринде турган экен. Учурда имаратта оңдоо иштери болуп жаткандыктан, аны башка жакка кое турууну чечишкен.