Радио

Мадаминов: Ордо оюнун ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизебиз

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары Аскараалы Мадаминов соңку жылдары өткөрүлүп жаткан Көчмөндөр оюндары долбоору улуттук оюндардын беделин көтөргөнүн айтты.
Sputnik
Мадаминов: Ордо оюнун ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизебиз

Ордо оюнун ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Аталган уюмдун Кыргызстандагы катчылыгынын жардамы менен бул аракеттер кийинки жылдары ишке ашып калат деп ойлойбуз. Бул тууралуу Аскараалы Мадаминов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында өлкө аймагында жана эл аралык деңгээлде кыргыздын улуттук оюндарына кызыгуу күчөдү. Буга башкы себеп көчмөндөр оюндары долбоору болууда.

"Азыр мурдагыдай эмес. Улуттук спорттук оюндардын кайсыны өткөрүлсө да, эл кызыгуу менен кабыл алат. Көрүүчүлөрдүн, күйөрмандардын саны көбөйдү. Чет элдик туристтер да келгенде биздин оюндарды сурай башташты. Хан оюну деп аталган ордо да көпчүлүккө кенен тарап, өзгөчө жаш өспүрүмдөр арасында күч алды. Учурдан пайдаланып ордону ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизгенге аракеттенип жатабыз. Буюрса,  кийинки жылдардан бул максатыбыз ишке ашат деген үмүтүбүз бар", — деди Мадаминов.

Ал улуттук оюндар шамдагайлыкка, чечкиндүүлүккө жана тез ойлонууга үйрөтөөрүн кошумчалады.