Кичи Памирдеги кыргыздарга жаңы хан шайланды

Жаңы шайланган башчы 44 жашта, аты Ажыбуту.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Афганистан аймагында жайгашкан Кичи Памирдеги кыргыздарга жаңы хан шайланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыз Абдыбаит Жээнбек уулу билдирди.

Эске салсак, Кичи Памир кыргыздарынын мурдагы башчысы Эрали хан 13-июль күнү узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Жээнбек уулунун айтымында, жаңы шайланган хан 44 жашта, аты — Ажыбуту.

"24-июлда Вахан районунун акими барып жыйын өткөрүптүр. Анда эл Ажыбутуну хан, Абдилхак деген адамды жардамчысы кылып шайлаганын билдиришти. Ажыбуту Алапа деген уруудан. Ал элге жакын, жакшы адам. Шайлоо тууралуу мага Памирдеги туугандарым айтып беришти", — деди Жээнбек уулу.

Памирлик тууган жаңы шайланган хандын беш уул, бир кызы бар экенин кошумчалады.

Нарын облусундагы Памир кыргыздарынын азыркы жашоосу тууралуу билгиңиздер келсе, Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдап келген видеорепортажды көрүңүздөр.