Үсөнов (Урицкий) боюнча кыргыз тарап Белоруссиянын дипломатына нота тапшырды

Кыргызстан расмий Минскинин КР аймагында соттолгон аткаминерлерди калкалап, колдоп жаткандыгына өкүнүүсүн билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандын ТИМи Белоруссиянын Бишкекте жайгашкан элчилигине сыртынан эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча нааразылык нотасын тапшырды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан менен Белоруссиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына Даниил Урицкий деген ысымдагы Данияр Үсөновдун коомчулукка аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен чогуу жүргөнү боюнча маалыматтар чыккан.

"Ага байланыштуу кыргыз ТИМи Белоруссиянын КРдеги элчилигинин убактылуу өкүлү Сергей Ивановду чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Анда Кыргызстан сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылып жана издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун Белоруссияда жайгашып жана ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы таптакыр туура эместиги айтылган", — деп билдирди ТИМ.

Кыргыз тарап акыркы жылдары кыргыз-беларусь мамилелеринин ар тараптан, андан сырткары ири интеграциялык уюмдардын алкагында да активдешкенине карабастан, расмий Минскинин КР аймагында соттолгон аткаминерлерди калкалап, колдоп жаткандыгына өкүнүүсүн билдирген.

"Бул факты эки тараптуу достук алакага кезектеги терс таасирин тийгизип, 2010-жылдын 7-апрелинде каза тапкандардын жакындарынын жана жарадар болгондордун сезимин дагы бир жолу жаралайт", — деп айтылган  билдирүүдө.

Кыргызстан Белоруссияны бул жагдайга карата кадамын өзгөртүп, эл аралык алкакта кабыл алган милдеттенмелерин аткарууга чакырган.

Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары
Данияр Үсөнов Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп келип, 2009-жылдын январь айынан тарта өкмөт башчы болгон. 2010-жылы эл бийликке нааразы болуп чыккан акцияда Үсөнов да качып кеткен.

Кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Беглилей кетсек, Белоруссияда экс-президент Курманбек Бакиевдин дагы жашап жүргөнү белгилүү.