Куткаруучулардын айтымында, ар бир адам өзүнө сак болбосо, сууга чөгүп жаткан киши менен жөн гана чабак уруп жаткан адамды айырмалоо кыйын. Анын үстүнө көпчүлүктө эч кимге билинбей калышы ыктымал. Эс алуучулар кокус сууга чөгүп бараткан адамды байкап калса кандай жардамдарды көргөзө алат, чөгүп жаткан киши менен сүзүп жүргөн адамды кантип айырмаласа болот? Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна ӨКМдин суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов жооп берди.
Адам чөгүп жатканын кантип билсе болот?
Кандай жардам көрсөтө алабыз?
Алгач эле куткаруучуга кабарлаңыз. Себеби ал жасалма дем алдырганды, биринчи жардам көргөзгөндү билет.
Куткаруучу жок болсочу?
Эскертүү! Эгер сиз жакшы сүзгөндү билбесеңиз башка кишилерди жардам берүүгө чакырыңыз. Жакшы сүзө албаган киши чөгүп жаткан адамга жардам бере албайт. Тескерисинче, экөөңөр тең суу алдында калышыңар ыктымал. Чабак урганды жакшы билбеген адам сууга түшөөр алдында жээктеги куткаруучулардан сүзүүнүн эрежелерин, кокус чөгө баштаса кандай белги берсе болоорун сурап алуусу керек.
Чөккөн адамды жээкке алып чыкканда биринчи кандай жардам көрсөтүлөт?
Көпчүлүк адамдар чөккөндө суу жутуп алат. Аны жээкке алып чыгаары менен оозу-мурдунда суу калса, чыгарып тазалай коюш керек. Эгер жасалма дем алдырганды жана жүрөккө массаж жасаганды билсеңиз, дароо жардам бере баштаңыз. Бирок андай болгон күндө дагы Тез жардам менен куткаруучуларды чакырыңыз.
Айлана-чөйрөдөгү сууга түшүп жаткан адамдарды байкап, көз салып коюңуз!