Бишкекте минивэн кырсыктап, беш адам жабыркады. Сүрөт

Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу унааны башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кечээ түнү борбор калаанын Сыдыков көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

1 / 2
Кечээ түнү борбор калаанын Сыдыков көчөсү менен Жаш Гвардия проспектисинде жол кырсыгы катталды
2 / 2
Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты сүзүп, ал сынып кеткен.

Анын айтымында, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты сүзүп, ал сынып кеткен.

"Унаанын ичинде эки кыз, үч эркек болгон. Алардын баардыгы ар түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылды", — деди күбө.

Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү жол кырсыгы катталганын тастыктады.