Бахтияр Тойчубаев кореялык мушкердин сазайын берди. Видео

Бахтияр Тойчубаев 61 килограмм салмак менен кореялык мушкер Жун Сан Жин менен күч сынашып, экинчи раундда техникалык нокаут менен утуп алган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл.— Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бахтияр Тойчубаев кореялык Road FC турниринде атаандашын утуп алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчунун машыктыруучусу Айбек Мусаев билдирди.

Аралаш мушташ боюнча уюштурулган Road FC турнири бүгүн, 28-июлда Кореянын Вонжу шаарында өттү.

Мелдешке кыргызстандык Бахтияр Тойчубаев 61 килограмм салмактагы кореялык мушкер Жун Сан Жин менен күч сынашып, экинчи раундда техникалык нокаут менен утуп алган. 

Турнир по ММА Road FC в Корее

Бахтияр Тойчубаев 26 жашта. Бокс боюнча КРдин чемпиону, ММА боюнча 10 профессионалдуу беттештин жеңүүчүсү.