Жарандык активист Рита Карасартованын жолдошу каза болду

Ага 24-июлда операция жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жарандык активист Рита Карасартованын жолдошу Нурбек Кеңеш уулу каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Нурбек Кеңеш уулуна 24-июлда операция жасалып, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Рита Карасартовага жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.