Булут суу ичкени түштү. Ысык-Көлдө тартылган куюндун видеосу

Видеодон түнөргөн асмандан түшкөн ичке сызыкты көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Күбөлөр Ысык-Көлдөн асмандан сууга түшкөн куюнду тартып алган. Instagram баракчасындагы bishkeknews аттуу колдонуучу анын видеосун жарыялады.

Тасмадан түнөргөн асмандан ичке сызык болуп сууга түшкөн куюнду көрүүгө болот.

Видео Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында 26-июлда тартып алынганы айтылууда.