Радио

Шабданбаева: өлкөдө гаймориттен жапа чеккендер көп кездешүүдө

Улуттук госпиталдын Кулак, мурун, тамак оорулары боюнча бөлүмдүн башчысы Нуржан Шабданбаева аларга жылына орто эсеп менен 2200-2300 бейтап кайрылаарын айтты.
Sputnik
Шабданбаева: өлкөдө гаймориттен жапа чеккендер көп кездешүүдө

Өлкө аймагында мурун оорулары, анын ичинен гайморит көп кездешүүдө. Бул экологиянын бузулушунан да болушу мүмкүн. Мындай пикирин Нуржан Шабданбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде  маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурун ооруларын өз алдынча үйдө дарылоо кооптуу, сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешүү керек.

"Соңку жылдардын статистикасын алып карасак мурун оорулары менен кайрылгандар көбөйдү. Андан кийинки кезекте тамак оорулары, анын ичинде тамак аллергиясы турат. Мунун башкы себептери экологиянын булганышы, тамак-ашка химикаттардын көп кошулуп жатканы деп божомолдоп жатабыз. Андан тышкары адамдар интернеттен карап алып эле өз алдынча дарыланганды адатка айландырып баратышат. Бул өтө кооптуу. Өзгөчө, гайморитте туздуу суу жасап мурунду чайкашат. Бирок, бул комплекстүү дарылануунун бир гана бөлүгү. Андыктан, алгач дарыгерлерге кайрылуу керек", — деди Шабданбаева.

Дарыгер жарандар жылына эки ирет медициналык текшерүүдөн өтүп турууну адатка айландыруусу зарылдыгын айтты.