Экс-вице-премьердин чөгүп кеткен мурдагы жардамчысын 30 киши издеп жатат

ӨКМден Стручалинди издөө иштери 27-июлда улана тургандыгын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Төрт күн мурда Жети-Өгүз районунда көлдүн ортосунда калган кызды сактап калам деп чөгүп кеткен адамды 30 киши издеп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя "Натали" пансионатына жакын жерде болгон.

Сууга чөккөндөр арбыды. Адам өмүрүнө ким жоопкер да, ким карайт?
23-июлда болжол менен саат 12.00дөр чамасында ошол арада кыз айдап жүргөн скутердин мотору өчүп, суунун ортосунда калган. Адамдын кооптуулукта турганын көргөн Стручалин суунун ортосун көздөй сүзүп жөнөп, жарым жолго жеткенде, жок болуп кеткен.

Ошол күндөн бери аны издөө иштери уланууда.

Учурда юристти ӨКМдин 10 куткаруучусу жана жергиликтүү элден 20 киши таппай жатат.