Шымы жок машинада жаткан милиционерге кандай чара көрүлөт. Бишкек ШИИБдин жообу

Бул окуя боюнча комиссия иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эшиги ачык автоунаада шымы жок уктап жаткан милиция кызматкеринин аты-жөнү аныкталып, учурда комиссия кызматтык иликтөө ишин баштаганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Автоунаада шымы жок уктап жаткан милиционерди активист Болот Ибрагимов видеого тартып алган. Анда милиционердин шымы автоунаанын жанында жатканын көрүүгө болот.

"Комиссия бул ишти карап жатат. Милиция кызматкери иштен алынышы мүмкүн. Ал мас болгонбу же жокпу азырынча белгисиз", — деди ШИИБдин маалымат кызматы.

Милициядан кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы бүгүн чыга турганын кошумчалашты.