Ар улуттун базары жана элечекчен сулуулар. "Оймодон" көз суктанткан сүрөттөр

Sputnik

Sputnik агенттигинин жетекчисине элечек орошту. Сүрөт
2006-жылдан бери жыл сайын июль айынын акыркы жумасында өткөрүлүүчү Эл аралык "Оймо" фестивалы Бишкек шаарынан башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келет. Ага Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн 150дөн ашуун кол өнөрчүлөрү буюм-тайымдарын алып чыккан.

Иш-чара "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датканын эстелигинин алдында 29-июлга чейин созулат. Бул күндөрү балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар өтөт. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына карата студенттердин, кол өнөрчүлөрдүн жана жаш дизайнерлердин арасында "Этно-Мода" тандоо сынагы болот. "Куурчакчылар гильдиясы" Эмен багында автордук куурчактардын көргөзмөсүн уюштурат.

Кечээ "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан аялдардын салттуу баш кийимдери боюнча "Элечек" флешмобу өттү. Анын алкагында бир саатта 100 аялга элечек оролду.

1 / 13
Борбор калаанын чок ортосунда "Оймо" фестивалы өтүп жатат
2 / 13
Фестивалдын башында кол өнөрчүлөрдүн жана коноктордун салтанаттуу парады өттү. Алар Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап, Чүй проспекти менен "Ала-Тоо" аянтына чейин басып келишти
3 / 13
Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн 150дөн ашуун кол өнөрчүлөрү буюм-тайымдарын алып чыкты
4 / 13
"Оймо" эл аралык фестивалы 2006-жылдан бери жыл сайын өтүп келет
5 / 13
Элечек ороого катышкан аял
6 / 13
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркөмөнстан, Россия, Индия, Афганистан жана башка өлкөлөрдөн кол өнөрчүлөрү буюм-тайымдарын алып келген
7 / 13
Жарманке Бишкекте 29-июлга чейин уланат. Ал эми Чолпон-Ата шаарында 31-июлдан 5-августка чейин өтөт
8 / 13
"100 элечек бир саатта" деп аталган иш-чарада элечекти ороо ыкмалары көрсөтүлдү
9 / 13
Кечээ "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу тарабынан аялдардын салттуу баш кийимдери боюнча "100 элечек бир саатта" аталышындагы социалдык-маданий флешмобу өттү
10 / 13
Аталган флешмобго Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина дагы катышты
11 / 13
Бир сааттын ичинде 100 аялга элечек оролду
12 / 13
Флешмобго эстрада жылдызы Анжеликада да катышып, ага "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун ассистенти Асел Кайнарбек кызы элечек ороду
13 / 13
"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова элечекти сахнага же тойлорго гана оронбостон күнүмдүк жашоодо да кийген ыңгайлуу экенин айтат.