Ошто кыш жүктөлгөн жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калып, жолдон жети машинаны коюп, бакты барып сүзгөнүн Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Шайырбек Шакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калгандыктан болгон.
"Жума күнү саат 16:30дар чамасында 33 жаштагы айдоочу Гагарин көчөсү менен жүк ташуучу автоунааны айдап баратып, жол чырагынан токтоого аракет кылганда тормозу иштебей калып, бир чакырымдай жүрүп барып, бакты сүзүп токтогон", — деди Шакиров.
Окуя болгон жерге Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору келген. Бардык материалдар тергөө органдарына берилип, экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында окуяга юридикалык баа берилет.