Милициянын формасын кийген киши рэп айтып интернетти жарды. Видео

Видеодо укук коргоо органдарынын формасын кийген киши The next episode ырынын музыкасына рэп окуганын көрүүгө болот.
Sputnik

Социалдык тармакта укук коргоо органдарынын формасын кийген кишинин рэп айткан видеосу таркап, аны көпчүлүк колдонуучулар бөлүшүп жатат.

Соцтармак кызыктары: Арсендин тоюндагы сюрприз, АКШдан куда күткөн кыргыздар
Алардын бири Аймира Талантбекова өзнүн Facebook баракчасына видеону бөлүшүп "Кыргызстандын ИИМинин формасын кийген милиционер рэп окуп жатат. Укмуш байке экен!" деп жазды.

Видеонун каарманы Dr. Dre менен Snoop Dogg аттуу жылдыздардын The next episode деген ырынын музыкасына рэп окуп жатканын көрүүгө болот.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар "рэпер" кыргызстандык милиционер экенин айтышууда. Бирок роликтин аягында ал "өчүр, болбой калды" деп казакча сүйлөгөнүн угууга болот.

Ал ортодо КР ИИМинин маалымат кызматы кишинин формасында погон жана башка белгилер жок болгондуктан Кыргызстандын милиция кызматкери деп так айтууга болбой турганын маалымдады.