Эртеңден тарта Бишкектеги айрым коомдук транспорттор ишин убактылуу токтотот

Борбор калаанын мэриясы түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоону суранат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 28-июль, ишембиден тарта Бишкектеги эл ташыган айрым троллейбустардын багыты өзгөрүп, кээ бирлери ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Балдар кулап түшсө, аман калчудай эмес. Мэрия курган жасалма асканын видеосу
Оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү ишемби, 27-июлдан, таңкы саат 6.00дөн тарта  30-июлга, таңкы саат 5.00гө чейин жабылат.

Буга байланыштуу №8 жана №10 каттамдагы троллейбустар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин жүрбөйт. Ал эми №4 троллейбус Киев көчөсү менен каттайт.

Борбор калаанын мэриясы түзүлгөн кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоону суранат.