Радио

Чочунбаева: кол өнөрчүлөрдүн статусу жок

ЮНЕСКОнун кол өнөрчүлөр боюнча серепечиси Динара Чочунбаева кыргыз аялдары кол өнөрчүлүк менен кошумча каражат жатканын айтты.
Sputnik
Чочунбаева: кол өнөрчүлөрдүн статусу жок

Коомдо кол өнөрчүлөрдүн атайын статусу жок. Алар эч бир мамлекеттик органга карабайт. Бул тууралуу Динара Чочубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданиятты, тарыхты даңазалап келген кол өнөрчүлөргө өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келет.

"Кол өнөрчүлөрдүн учурдагы абалын жакшы деп да, жаман деп да айтсак болот. Кол өнөрчүлүк көбүнчө элеттик аялдар үчүн каражат табуунун булагына айланган. Чеберлердин азыркы кезде көйгөйлөрү толтура. Кол өнөрчүлөрдүн ушул кезге чейин статусу жок, бир да министрлик алар менен иш алып барбайт. Жада калса калардын так саны да белгисиз. Өкмөт тарабынан да жакшы көңүл бурулбай жатат", — деди Чочунбаева.

Серепчи Кыргызстандагы уздар жүндү башка өлкөлөрдөн сатып алып жатканы өкүнүчтүү экенин кошумчалады.