Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 26,6 миллион сом байге коюлду

Каражаттар оюндун программасына киргизилген спорттун 37 түрүнө бөлүштүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Улуттук спорттун түрү боюнча дирекция Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын жалпы байге фондун 26 615 000 сом суммасында бекитти. Бул туурасында ДКОнун катчылыгынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков: көк бөрүнү мен да ойногом, канды кызытып, өзүнө тартып турат
Бул каражаттар оюндун программасына киргизилген спорттун 37 түрүнө бөлүштүрүлөт.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар Оюндарга катыша тургандыктарын тастыкташты. Жалпы 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медалдар) ойнотулат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаары жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Мелдешти даярдоо жана өткөрүү иштерине мамлекеттен 306 миллион сом бөлүнөт.