Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген үчүнчү киши камакка алынды

Бүгүнкү күндө кылмыш иши эки берене боюнча козголду — "адамды атайылап өлтүрүү" жана "каракчылык".
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Казакстандык белгилүү фигурист Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген үчүнчү киши камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги прокурордун орун басары Марат Ахметжановго шилтеме берип жазды.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө кылмыш иши эки берене боюнча козголду — "адамды атайылап өлтүрүү" жана "каракчылык".

"Кылмыш ишине шектелип, үч адам камакка алынды. Үчүнчүсү — окуяны көрүп туруп, укук коргоо органдарына маалымдабаганы үчүн айыпталууда. Тийиштүү далилдердин бардыгы топтолуп, мыйзамдуулугун прокурор текшерип жатат. Ал эми сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды", — деди Ахметжанов.

Ал ошондой эле Казакстандын башкы прокурору ишти өз көзөмөлүнө алып, процессуалдык прокурор дайындалганын кошумчалады.

Кыргыз-казак кыздары менен түшкөн акыркы сүрөт. Денис Тен тууралуу 6 факты
Эске салсак, белгилүү фигурист 19-июлда киши колдуу болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Каргашалуу окуя 19-июль күнү болду.

Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле. Окуяга шектелген эки жаран тең полициянын колуна түшүрүлгөн.

Денис Тен VII кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген. 2014-жылы Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон. Казакстандын беш жолку чемпиону.