Америкалык музыкант күйөрман кыздын бетине түкүрүп, өмүрүн сактап калды

Көзүнө сыра кирген кыз эртеси күнү эле ооруканага барган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Америкалык Every Time I Die рок группасынын гитарачысы Жордан Бакли күйөрман кызды кантип өлүмдөн сактап калганын айтып бергенин РИА Новости агенттиги жазды. 

Музыкант өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жакында эле бир кыз келип, ыраазычылыгын билдиргенин жазган.

"Кайсы бир концертте мен сыраны ууртап бутуп, көрүүчүлөр жакка бүркүп салыптырмын. Ошол маалда сыранын бир тамчысы күйөрман кыздын көзүнө кирип кетип, эртеси күнү көзү ооруй баштаган. Инфекция кирип кетти го деп тынчсызданган фанат ооруканага барып, тийиштүү анализдерди тапшырган кезде башында жаңыдан шишик пайда болгону билиниптир. Ошентип илдетти эртерээк билип калып, операция жолу менен аман калган", — деп жазды Бакли.

Музыканттын айтымында, кыз окуяны баяндай баштаганда, гитарачы эми сотко берет деп ойлоптур. Бирок ал тескерисинче, бекем кучактап, аман калгандыгы үчүн рахматын айткан.