БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кожояр айылындагы коттедж толугу менен күйүп, от 1 миң чарчы метрди жалмап кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, шаршемби күнү саат 18.24тө Кожояр айылындагы пансионаттардын биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Кийин анын кесепетинен үч адам ооруканага жеткирилгени кабарланган.
Маалыматка караганда, өрт толугу менен 26-июль күнү түнкү саат 01.15те өчүрүлгөн.
Ал үчүн атайын үч унаа, ӨКМдин төрт куткаруучусу, милиция жана Тез жардам кызматы тартылган.