БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги ысыктын күнү калк арасында тамак-ашка ууланып, ичеги-карын ооруларына чалдыккандар күчөй турганын эскертет. Өзгөчө бул көрүнүш 14 жашка чейинки жаш балдар арасында көп катталат.
Аталган ооруларды алдын-алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү департаменти төмөнкү эрежелерди сунуштайт:
1. Гигиенаны туура сактап, тез-тезден колду жууп туруу зарыл;
2. Дааратканага баргандан кийин жана тамак ичээр алдында сөзсүз колду тазалап жууш керек;
4. Этти жакшы жылытканга аракет кылыңыздар. Ашкананы таза кармап, даяр жана чийки азыктарды өз-өзүнчө сактоо шарт. Даяр тамак-ашты эки сааттан көп калтырбай, муздаткычка салуу зарыл;
5. Мөмө жана жер-жемиштерди колдоноор алдында таза жууш керек;
6. Көчөдө жасалган тамактарды сатып албаңыздар;
7. Жай мезгилинде таза сууну көп ичүү керек. Үйдөн таза суу чыкпаса, атайын бойлерден же кайнатылган сууну ичкен оң.
8. Дүкөндөн же базардан азыктарды алып жатканда, сапатына, сактоо мөөнөтүнө, шартына көңүл буруу керек.
9. Инфекция алып жүрүүчү чымын-чиркей, курт-кумурскалардан коргонуу зарыл.
Саламаттык сактоо министрлиги эгерде тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, тезинен адистерге кайрылуу керектигин эскертет.