Эл аралык издөөгө алынган КР жарандары Россияда кармалды

Учурда аларды Минкс конвенциясына ылайык Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү РФ ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын жыйынтыгында Кыргызстанда кылмыш жасап эл аралык издөөгө алынган бир нече кишини кармады. Бул тууралуу КР ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткенден "Талибан" кыймылынын мүчөсү кармалганы кабарланды
Ага ылайык, Кыргызстанда Кылмыш жаза кодексинин 360-беренесинин 1-бөлүгү "Аскерден качуу" боюнча айыпталган 31 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалды. Ош облустук соту 2016-жылы аны кармоо боюнча өкүм чыгарган. Андан сырткары, 27 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран менен 46 жаштагы С.М. аттуу жаран кармалып, КР Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүгү "Баңги заттарын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү" менен айыпталган.

Ошондой эле 34 жаштагы Э.М. (Алдамчылык боюнча айыпталган) менен Д.Б. (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) дагы кармалган.

Учурда аты-аталган жарандарды Минкс конвенциясына ылайык Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.