Көзүң жамандыкты көрбөсүн! 11-кабаттан кулаган аял кишини өлтүрүп кое жаздады

Аял Тез жардам келгиче эле каза болуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Казакстандын Павлодар шаарында 11-кабаттан кулаган аял жерде өтүп бара жаткан уланды да өлтүрүп кете жаздады.

Павлодарда 11-кабаттан аялдын кулагандыгын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кранды селкинчек кылган жумушчунун бийиктен кулаган видеосу тарады
Кырсык 24-июлда болуп, андан соң Instagram тармагына тарап кеткен. Кадрда көктөн кулап келе жаткан аял имараттын кире беришинде келе жаткан баланы аз жерден басып кала жаздаган. Чочуп кеткен улан алгач эч нерсени түшүнбөй секирип барып отуруп калганын, бир аз убакыттан кийин эсине келип, ооруган бутун кармалап жатканын көрүүгө болот.

Аял Тез жардам келгиче эле каза болуп калган.

Павлодар облусунун ички иштер департаменти ишти иликтеп баштап, аны менен катар эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.