Милиция: студенттер арызданган ректорду чек арадан кармап келишти

Маалыматка ылайык, ректор 60ка жакын студенттен акча топтогон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Илим жана бизнес эл аралык университетинин ректору кармалганын Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Улуттук университеттин кафедра башчысы пара алып жатып кармалды
Ал чек арадан колго түшүп, учурда Октябрь райондук милициясынын имаратында көрсөтмө берип жатат.

Буга чейин айрым ЖМКлар Индиядан келген студенттер ректоруна арызданып жатканын жазып чыгышкан. Анда университеттин башчысы ар бир студенттен 2900 доллардан алып, эми окууну аяктаганга мүмкүнчүлүк бербей жатканы кабарланган.

Студенттердин биринин айтымында, ректор жалпысынан 60 кишиден акча алган, алардын арасында кыргызстандыктар дагы бар.