Дүйнөдөгү эң мыкты арал кайда экени аныкталды

Бул арал байыркы тарыхы, чиркөөлөрү, меймандостугу, беш жылдыздуу мейманканалары жана туристтерге көрсөтүлгөн мыкты тейлөөсү менен башкалардын көңүлүн бурган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Travel&Leisure сайты жүргүзгөн кезектеги сурамжылоонун жыйынтыгында саякатчылар дүйнөдөгү эң мыкты арал деп Индонезияда жайгашкан Ява аралын аташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бул арал байыркы тарыхы, чиркөөлөрү, меймандостугу, беш жылдыздуу мейманканалары жана туристтерге көрсөтүлгөн мыкты тейлөөсү менен башкалардын көңүлүн бурган. Ошондой эле шаркыратма, жанар тоо жана жаратылыш коруктары менен ак кумдуу пляждары арбап турарын айтышкан.

Рейтингдеги алдыңкы үчтүктү Бали жана Ломбок аралдары ээледи. Бул эки арал да Индонезияда жайгашкан.