Радио

Мамытбекова: чет тилдерди үйрөнүү дүйнөгө жол ачат

Ишкер айым Амина Мамытбекова азыркы кезде ар бир жаран эне тилге кошуп чет тилдерин үйрөнүү өтө маанилүү экендигин айтты.
Sputnik
Мамытбекова: чет тилдерди үйрөнүү дүйнөгө жол ачат

Канчалык чет тилдерин билген сайын ийгиликтин эшиги ошончолук ачылат. Бул тууралуу Амина Мамытбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам күчү менен эмес, акылы менен иш кылуусу абзел.

"Өзүм алты тилде сүйлөй алам жана башкаларды да дайыма тил билүүгө үйрөтүп келем. Анткени акыл менен иштегенде гана кыргыз эли көп нерсеге жетишет. Баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөшүбүз керек, бирок башка чет тилдерди канчалык көп билсек ошончолук мүмкүнчүлүктөр да көп болот. Чет тилдерин өздөштүрүү – дүйнөгө жол ачат", — деди Мамытбекова.

Ишкер айым ар бир жаран өзүн ар тараптуу өнүктүрүшү керектигин кошумчалады.