БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Түштүк магистраль жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде Subaru Forester автоунаасы жол четинде токтоп турган эки машинаны сүзүп алганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.
Анын айтымында, Subaru Forester унаасы Mercedes-Benz машинасын артынан сүзүп, ал өзүнүн алдында турган Toyota Ipsum автосун каккан. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.