Радио

Солтонгелдиева: Саймалуу-Таш, калпак ЮНЕСКОнун баалуу мурастарына кирмекчи

ЮНЕСКО иштери боюнча КРдин Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева калпак менен "Саймалуу-Таш" улуттук паркын ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизүү аракеттери жүрүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Солтонгелдиева: Саймалуу-Таш, калпак ЮНЕСКОнун баалуу мурастарына кирмекчи

"Саймалуу-Таш", калпак ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизилиши мүмкүн. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, келерки жылдын декабрь айында тизмеге расмий катталат деп ойлойбуз. Мындай пикирин Солтонгелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган уюмдун тизмесине буга чейин "Сулайман-Тоо" археологиялык музей комплекси, кыргыз шырдагы, боз үй жасоо ыкмалары жана көк бөрү оюну кирген.

"Нукура салттык кийимдерди жаратуучу уздарыбыздын сунушу менен ак калпакты ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизүүгө аракеттенип жатабыз. Ошондой эле, тарыхый жерлерден "Саймалуу-Таш" улуттук паркы да сунушталып, келерки жылдын соңунда бул тизмеге киргизилиши күтүлүүдө. Бул өз кезегинде  калпактын беделин көтөргөнгө жана тарыхый жерлерибизди дүйнө элине таанытканга чоң өбөлгө түзөт", — деди Солтонгелдиева.

Ал чет элден келген саякатчылар уюмдун баалуу мурастар тизмесине кирген жерлерге барууга көп кызыгаарын кошумчалады.