Аскерий кызматташууга кадам. Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри менен жолукту

Казак министри Бишкекке эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы аскердик чалгындоо чөйрөсүндө кызматташуу боюнча документке кол коюуга келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Сакен Жасузаковду кабыл алып, эки мамлекеттин ортосундагы аскерий-техникалык кызматташуу боюнча пикир алышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Сакен Жасузаковду кабыл алып, эки мамлекеттин ортосундагы аскерий-техникалык кызматташуу боюнча пикир алышты
2 / 2
Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков эки өлкөнүн аскерий ведомстволору эки мамлекеттин президенттери аныктаган багыттарда кызматташа турганына токтолгон

Жээнбеков эл аралык терроризмге жана Борбор Азия регионунун коопсуздугуна шек келтирген башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүү экенин белгилеген.

"Кант" авиабазасы КР Башкы штабына машыгуу үчүн тик учагын берип турду
Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков эки өлкөнүн аскерий ведомстволору эки мамлекеттин президенттери аныктаган багыттарда кызматташа турганына токтолгон.

Сакен Жасузаков Кыргызстанга "Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда аскердик чалгындоо чөйрөсүндө өз ара иштешүүсү жөнүндөгү" макулдашууга кол коюу үчүн келген.