Ысык-Көлдөгү өрт: жабыркагандар ооруканага жеткирилди

Өрттүн мизи 20.51де кайтарылып, учурда аны толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кожояр айылындагы коттедждерден чыккан өрттөн үч киши жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, шаршемби күнү 18.24тө Кожояр айылындагы пансионаттардын биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Буга чейин жерине өрт өчүрүүчү үч унаа иштеп жатканы айтылган. 

1 / 3
Кожояр айылындагы коттедждерден чыккан өрттөн үч киши жабыркап, ооруканага түштү.
2 / 3
Эске салсак, шаршемби күнү 18.24тө Кожояр айылындагы пансионаттардын биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн.
3 / 3
Буга чейин жерине өрт өчүрүүчү үч унаа иштеп жатканы айтылган.

“Тилсиз жоонун кесепетинен үч киши Ананьево айылындагы оорукана 2-даражадагы күйүк менен жеткирилди”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле министрликтен өрттүн мизи 20.51де кайтарылганын, учурда аны толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.